Мазмунга өтүү

Жамал Абдунасыр

Википедия дан
Гамаль Абдель Насер‎»‎ барагынан багытталды)
Жамал Абдунасыр
ар. جمال عبد الناصر
Жамал Абдунасыр
Мисирдин президенти
23 июнь 1956 — 28 сентябрь 1970
Андан мурунку: Мухаммад Нажиб
Андан кийинки: Анвар Саадат
 
Туулган жылы: 15 -январь 1918(1918-01-15)
Каза болгон жылы: 28 -сентябрь 1970(1970-09-28) (52 жаш)

Жамал Абдунасыр Хусейн (ар. جَمَالُ عَبْدُ ٱلنَّاصِرِ حُسَيْنُ‎; 15-январь 1918-ж., Александрия — 28-сентябрь 1970-ж., Каир) – мисирлик төңкөрүшчүл, аскер, мамлекеттик жана саясий ишмери, Мисирдин экинчи президенти (1956-1970). 1952-жылы король Фаруктун кулатылышына жетекчилик кылган жана ошол эле жылы кеңири масштабдуу жер реформасын баштаган. 1954-жылы “Ал-Ихван ал-Муслимун” кыймылынын мүчөсү тарабынан өлтүрүү аракетинен аман калгандан кийин, ал уюмду талкалап, президент Мухаммад Нажибди үй камагына чыгарып, өлкөнүн башчысы болуп, 1956-жылдагы референдумдан кийин расмий түрдө президенттик кызматка киришкен.

Анын 1956-жылы Суэц каналын улутташтыруусу Суэц кризисине алып келди жана анын Мисирде жана араб дүйнөсүндө көрүнүктүүлугну бир топ жогорулатты. Панарабизм идеологиясын карманып, 1958-1961-жылдары Мисир менен Сириядан турган Бириккен Араб Республикасын жетектеген. 1962-жылы ал кеңири социалисттик кайра түзүүлөрдү жана өлкөну жаңылоону ишке ашыра баштады. Эл аралык аренада панарабизмдин ийгиликсиздигине карабастан, 1963-жылы Абдунасырдин жактоочулары бир нече араб өлкөлөрүндө бийликке келүүгө жетишкен жана ал өзү Түндүк Йеменде жарандык согушка аралашкан. 1965-жылдын мартында атаандашсыз шайлоодо ал мамлекет башчысынын кызматына кайра шайланган. 1967-жылы Израил менен болгон алты күндүк согушта Мисир жеңилгенден кийин, ал отставкага кеткен, бирок өзүнүн колдоосу менен массалык демонстрациялардан кийин ал чечимди жокко чыгарган. 1968-жылга чейин ал премьер-министрлик кызматты ээлеп, жоголгон жерлерди кайтарып алуу үчүн Израил менен согушту баштап, куралдуу күчтөрдү саясатсыздаштыруу процессин жана либералдык саясий реформаларды баштады. Ал 1970-жылы инфаркттан каза болуп, араб дүйнөсүндө кеңири реакция жараткан: Мисирдин президентинин Каирдеги жаназасына 5 миллионго жакын адам катышкан.

Абдунасыр араб дүйнөсүнүн эң көрүнүктүү ишмери бойдон кала берет, анын социалдык адилеттүүлүккө жана арабдардын биримдигине умтулуусу, модернизациялоо жана антиимпериализмге каршы саясаты учун айрыкча урмат-сыйга ээ. Мисирдин бул президентинин башкаруусу маданияттын жана индустриализациянын гүлдөшүн көрдү: Асуан плотинасы жана Хелван өнөр жай шаары курулган. Насерди египеттик исламчылар, өзгөчө куугунтукталган «Ал-Ихван ал-Муслимун» кыймылынын мүчөлөрү жана жергиликтүү либералдык саясатчылар анын авторитаризми, популизми, адам укуктарынын бузулушу жана өлкөдө жарандык коомду кура албагандыгы үчүн сынга алышкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]