Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Август, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Ошто сел агызып кеткен дагы бир адамдын сөөгү табылды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери сууга агып кеткендерди издөө учурунда. 15-июль, 2024-жыл.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери сууга агып кеткендерди издөө учурунда. 15-июль, 2024-жыл.

Ошто сел агызып кеткен дагы бир адамдын сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аял кишинин жасаты 15-июлда түш ченде калаанын Катта-Терек тилкесинде Ак-Буура дарыясынан табылганын, ал жер Өзбекстандын чек арасына жакын экенин маалымдады. Маркумдун тек-жайы такталууда.

Бир күн мурун алты жашар кыздын сөөгү Өзбекстандын Анжиян облусундагы Шахрихансай каналынан чыккан. Ал Оштун тургуну экени, сөөгү жерге берилип жатканы кабарланды.

14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, Төлөйкөн айылын суу каптаган. Бир келинди үч кызы менен сел агызып кеткени кабарланган. Ошондой эле бир нече автоунаа агып кеткен. Шаарга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Буга чейин Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратып, 11-17-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип келатат.

Кыргызстанда быйылкы жаз-жай айлары жаанчыл болуп, дээрлик бардык аймакта сел жүрүп жатат.

Буга чейинки расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел кырсыгы катталып, андан 17 адамдын өмүрү кыйылды жана алардын онго жакыны балдар болгон. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG