Африка бирлиги
Африка бирлиги | |
Калып:Lang-sw ар. الاتحاد الأفريقي англ. African Union фр. Union africaine порт. União Africana | |
Кочкул жашыл: мүчө мамлекеттер | |
Мүчөлүк: |
[Африка бирлиги#Мүчө мамлекеттер |
---|---|
Штаб-квартира: | |
Ырасмый тилдери: | |
Жетекчилери | |
Африка бирлигинин төрагасы | |
Африка бирлигинин комиссиясынын төрагасы | |
Панафрика парламентинин төрагасы | |
Негизделген | |
Африка Биримдиги Уюму болуп түзүлгөн күнү | |
Африка бирлиги болуп түзүлгөн күнү |
Африка бирлиги - Африканын 54 мамлекетин бириктирген эл аралык өкмөттөр ортосундагы уюм.
Африка биримдик уюмунун укук улантуучусу (АБУ). 2002-ж. 9-июлда негизделген. Уюмдун чегиндеги эң маанилүү чечимдер Африка союзунун Ассамблеясында-мүчө-өлкөлөрүнүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын жыйынында кабыл алынат.
Ал жарым жылда бир жолу өтүп турат. Африка союзунун Катчылыгы жана Комиссиясы Эфиопиянын борбору Аддис-Абебада жайгашкан. 2009-ж. февраль айында Африка союзунун Комиссиясын Африка союзунун Толук ыйгарымдуу органына кайта өзгөртүү чечими кабыл алынган. Максаты: Африка өлкөлөрүн жана алардын калкынын биримдүүлүгүн жана тилектештигин чыңдоо, мүчө-өлкөлөрүнүн эгемендигин, территориялык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын коргоо, континенттин социалдык-экономикалык жана саясий интеграциясын тездетүү, континентте тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө, БУУнун жана адам укуктарынын жалпы декларациясынын Уставына ылайык эл аралык кызматташтыкка жардам көрсөтүү.
Мүчө мамлекеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8