Мазмунга өтүү

Бразилиялыктар

Википедия дан

Бразилиялыктар (өздөрүн бразильенуш деп аташат) – эл, Бразилиянын негизги калкы. Парагвай, Аргентина, АКШ, Португалияда да жашашат. Жалпы саны 193,3 млн (2008) адам, анын ичинде Бразилияда 139 млн. Португал тилинде сүйлөшөт, ошондой эле испан тили да кеңири тараган. Калкы негизинен католиктер (73,6%), протестанттар (15,4%). Бразилиялыктардын этностук негизин португалдыктар (португалиялык колониячылар) жана негрлер (Африкадан эрксиз алынып келинген) менен ассимиляцияланган жергиликтүү индейлер (тупи-тапуайялар, аравактар, карибдер) түзөт. Колониялаштыруу мезгилинде (16-кылымдын башы – 19-кылымдын 1-жарымына чейин) расалык-социалдык иерархия түзүлүп, жогорку баскычта ак расадагылар (европалыктар), андан кийинки баскычта метистер (индей португал аргындары) жана мулаттар (негр кулдар менен португалиялык колониячылардын), төмөнкү баскычта кул-негрлер турган. Аймактагы элдердин ортосунда өзара чарбалык, маданий карым-катнаштардын натыйжасында, индейлер португалдардан дыйканчылык жана чарбачылыктын ыкмаларын, тилин, динин, айрым каада-салтын өздөштүргөн. Ал эми португалдар индейлердин турмуш-тиричилигинен, маданиятынан көп нерселерди кабыл алган. Учурда мындай карым-катнаштардын негизинде тилинде 20 миңдей индей тилинен алынган сөздөр кездешет. Бразилиялыктар индейлердин алачыгы сымал, бирок тери менен жабылган үйлөрдө, айрым жерлерде дубалы топурактан согулуп, чатыры камыш, пальманын жалбырагы же черепица менен жабылган үйлөрдө жашашкан. Көз каранды эместик үчүн күрөштүн натыйжасында 1888-ж. кулчулук жоюлуп, 1889-ж. Бразилиянын республикасы катары жарыяланышы, өнөр жайдын өнүгүшү улуттук биримдиктин күч алышына өбөлгө түзгөн. Бразилиянын түндүгүндө жашаган индейлер жана метистер каучук, жаңгак жана дары өсүмдүктөрүн жыйноо, ошондой эле мал чарбачылык менен алектенишет. Мындан тышкары кофе өстүрүү кеңири жайылган. Деңизге жакын жашагандар балыкчылык менен кесиптенишет. 2005-ж. өлкөнүн калкынын 81,7%и шаарда жашаган. Элдик майрамы жыл сайын өткөрүлүүчү бир нече күнгө созулган карнавал.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]